Депутаттык топтордун фракциядан тышкары болушуна тыюу салуу демилгеси 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңеш 15-январда депутаттык топтордун ишин кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. 

Баяндамачы, депутат Эристина Кочкарованын айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун ишин Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Анткени бул чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракция алкагынан тышкары боло албасы белгиленген.

"Депутат кайсы партиянын тизмесинен шайланып келсе, ал ошол партиянын парламенттеги фракция курамында болот, бирок алар фракция ичинде топторду түзө алышат",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан