Абдырахман Маматалиев жол-кайгуул кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн даттанууларды жеке көзөмөлүнө аларын билдирди

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Жол-кайгуул кызматынын иши коомчулук тарабынан канааттандырарлык эмес деп бааланууда. Көйгөйлөр ошол бойдон калууда, жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны дагы эле көп. Тармакта алдыга жылууну карапайым жарандар көрбөй жатышат". 
Мындай пикирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 15-январда өкмөткө караштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүп жатып айтты. 
Тармакта жасалышы керек болгон реформалар тууралуу өкмөт мүчөсү: 
"Өздүк курамды даярдоо ыкмаларын түп-тамырынан өзгөртүү керек. Зарылчылыкка жараша жол эрежесин бузгандардын жазасын катуулатуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү кажет жана сөздөн ишке өтүү зарыл",- деп билдирди. 
Маматалиев жол-кайгуул кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө күчөй турганын кошумчалады: "Мен жакшы билем, кээде жол-кайгуул кызматкерлери чектен ашып кетишет. Катардагы кызматкердин жоругу үчүн жетекчи жоопкерчилик тартышы керек. Жол-кайгуул кызматкерлеринин туура эмес иштери тууралуу жарандардын бардык кайрылууларын жеке көзөмөлүмө алам"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан