2014-жылы ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттен каржылоо 94 миллиард сомду түздү

2014-жылы ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 94 миллиард 233,9 миллион сомду түздү. Анын ичинде эмгек акыга 21 миллиард 352 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу 15-январда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар» беренеси боюнча 15 миллиард 806 миллион сом, «калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар» беренеси боюнча 6 миллиард 300 миллион сом, «имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 8 миллиард 163 миллион сом каржыланды.
Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө бөлүндү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан