2014-жылы 8 жол-кайгуул кызматкери иштен алынса, 186 кызматкерге сөгүш, 81 кызматкерге эскертүү берилди

Бишкекте 2014-жылы жол-кайгуул кызматкерлеринин туура эмес иштери боюнча 272 даттануу түшүп, анын 58и гана далилденди. Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко өзү башкарган мекеме маалымат булактарындагы материалдарга сөзсүз реакция жасай турганын билдирди. Маалыматка таянсак, 2014-жылы 13 жол-кайгуул кызматкерине кылмыш иши козголуп, 8 кызматкер кайра кызматка дайындалбай турган шартта иштен алынды. 65 кызматкерге катуу сөгүш, 121 кызматкерге сөгүш, 81 кызматкерге эскертүү берилди. 
Айта кетсек, өкмөттө бүгүн, 15-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан