Чүй районунда "тургунду бычактаган" деп шектелген жаран кармалды

Чүй районунда "тургунду бычактаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Чүй ОИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шаарынын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал Чүй районунда 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз жарандар анын инисин бычак менен сайып, качып кеткендерин айткан. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй районунун 22 жаштагы тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан