Кыргызстанда иштеген чет элдик ишкерлер менен жергиликтүү жарандардын айлыгын теңдештирүү сунушталууда
Жогорку Кеңеш 15-январда “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” демилгени 1-окууда карап жатат. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстанда иштеген чет элдик ишкерлер менен Кыргызстандын жарандарынын айлык акысын теңдештирүүгө багытталат. Ал эми бул норма жумушка орношуу келишимине киргизилет. Эгерде ишкана тарабынан чет элдиктер жергиликтүүлөргө караганда көп айлык алганы аныкталса, 2-5 миң сомго чейин айып пул салынат. Депутаттар демилге туура көтөрүлүп жатканын айтышты. "Биз өзгөчө чет элдик инвесторлордун ишканасына барганыбызда жумушчулар ушул маселени карап берүүнү суранышат. Чындап эле айлыктарында айырмачылык чоң, долбоорду колдоп беришибиз керек",- дешти депутаттар.