Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү сунушталууда
Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына факультативдик түрдө (милдеттүү эмес) киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун парламент 15-январда 1-окууда карап жатат. Депутаттардын суроосуна демилгечилердин бири, депутат Кожобек Рыспаев жооп берүүдө. Анын айтымында, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарды мектеп программасына киргизүү жана мамлекеттик деңгээлдеги өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар Жогорку Кеңешке келип отчёт берүүсүн милдеттендирүү жагы каралган. Өкмөт өкүлү сунушка каршы пикирин айтты.