Кардардын уулануусунан кийин Орусиядагы "Ысык-Көл" кафеси бир айга жабылды

Орусиянын Якутск шаарындагы Кальвица көчөсүндө жайгашкан "Ысык-Көл" кафесинде кардар ууланып, сот аткаруучулар аталган жайды бир айга жабышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Якутия Республикасынын Сот аткаруучулар кызматынын башкармалыгына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын 18-ноябрында кардар аталган кафеде тамактанып, ууланган. 

"Мындан улам ал Орусиянын Кардарлардын укуктарын коргоо кызматына арыз менен кайрылган. Түшкөн арыздын негизинде санитардык инспекторлор "Ысык-Көл" кафесине текшерүү жүргүзүп, анда санитардык-гигиеналык талаптар бузулгандыгын аныкташкан",- деп жазышты басылмалар.

Мындан тышкары алар буга чейин аталган кафе ушул сыяктуу тартип бузуулардын кесепетинен өткөн жылдын август айында да жабылгандыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан