Кыргызстандагы чиновниктердин чет өлкөдөн активдерге ээ болуусуна тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 15-январда добуш берүүдө 2-окуудан өтпөй калды. Долбоорго 54 депутат "каршы", 44 депутат "макул" деп добуш берди.
Мыйзам долбоору саясий жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына чет өлкөдөгү банктардан эсеп ачууга жана ээ болууга, акча каражаттарын сактоого, чет мамлекеттин аймагында кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салмак. Эгерде мындай фактылар катталса, 3 жылдан 5 жылга чейин жогорку кызматтарда иштөө укугунан ажыратылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлмөк.