Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аталышындагы долбоордун жабылуу аземи өтүүдө. Ага ылайык, филармониянын фойесинде кол өнөрчүлөрдүн сынак-көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөдө Кыргызстандын жети дубанынан алынып келинген эмгектер орун алды.
Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карабекова: “Сынак өлкөдөгү кол өнөрчүлөрдүн эмгегин баалап, коомго жайылтуу максатында уюштурулду. Алардын эмгектерин маданият кызматкерлеринен турган калыстар тобу баалайт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат”,- деди.
"Бишкек - ислам маданиятынын борбору" долбоорунун максаты - улуттук маданий мурастарды сактап калуу. Иш-чара илим, билим жана маданият боюнча түзүлгөн "Ислам" уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү.