Турсунбай Бакир уулу "Кара-Сууда тогуз коргоол боюнча лөлүлөр чемпион" дейт

Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында депутаттар улуттук оюндарды мектеп программасына киргизүү демилгесин талашып-тартышууда. Сунушка каршы чыккан депутаттар пикирлерин төмөнкүдөй билдиришти: "Мектеп окуучулары билим алышабы же улак тартышып жүрө беришеби?". "Улуттук спортту мектеп программасына киргизсек, анда мектептерге ат сатып бериш керек. Окуучулар аттан кулап түшүп майып болуп калса кимдер жооп беришет?". "Мыйзам иштеш үчүн бюджеттен акча кетпейт деп жатат, андай эмес. Улуттук оюндарды үйрөткөн мугалимдерге акча төлөп бериш керек"...
Турсунбай Бакир уулу: "Нарында, Таласта, балким, керек эместир. Бирок орустар жана башка улуттар жашаган аймактарда улуттук оюндарды адистер үйрөтүшү керек болот, аларга акча төлөнүшү шарт. Адистер үйрөтмөйүнчө болбойт, мисалы, Кара-Суу районунда лөлүлөр жашашат. Менин таң калганым, райондо тогуз коргоол боюнча кыргыздар эмес, лөлүлөр чемпион",- деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан