Активисттер балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарды химиялык кастрациядан өткөрүү же өлүм жазасына тартуу боюнча петицияга кол чогултушууда. Андан соң ал Жогорку Кеңешке жана президентке жөнөтүлмөкчү.
"Бишкек балдар ооруканасынын "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, 2014-жылы бул мекемеге зордук-зомбулукка кабылган 52 бала (алардын 7си сексуалдык зордукка кабылган) түшкөн. 2013-жылы болсо 47 бойго жете элек бала келген. Ал эми быйылкы жылдын бир айы соңуна чыга электе эле 2 факты катталды",- дешет активисттер.
Азыркы тапта 380 кол чогултулгандыгы белгилүү болду. Тиешелүү тартипке ылайык, петицияны парламентке жана президентке жөнөтүш үчүн 500 кол чогултулуш керек.
Эске салсак, 2 жаштагы бала ооруканага 10-январдан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында оор абалда алынып келинген. Анын денесинен көптөгөн эски жана жаңы жарааттар байкалган. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.