Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги экинчи Улуттук статистикалык комитетинин ролун аткарып калды. Мындай пикирди 6-февралда ЖКнын отурумунда жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуу учурунда депутат Надира Нарматова билдирди.
“Министрлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барбайт. Кыргызстан агрардык өлкө болуп, өзүн айыл чарба азыктары менен камсыздай албаганы таң калтырат. Жылда өкмөт, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү учурунда элге сөз берип келет, бирок сөзүнө турбайт",- деди Нарматова.