Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алган. Мыйзам "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүүгө багытталган. Демек, аталган мыйзам менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XIX бөлүгүнүн (табигый монополиялар) жана табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун талаптары эске алынды.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.