Депутаттар улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү демилгесин артка кайтарышты
Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 15-январда кабыл алды. Мыйзам долбоорунда тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарды мектеп программасына киргизүү жана мамлекеттик деңгээлдеги өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгы боюнча уюштуруучуларды Жогорку Кеңешке келип отчёт берүүгө милдеттендирүү жагы каралган. Бирок демилгеге өкмөт өкүлү жана айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Исмаил Исаков:"Мисалы, көк бөрү оюну кооптуу. Мектеп окуучуларын ага аралаштыруу мүмкүн эмес",- деп билдирди. Айрым депутаттар өткөрүлгөн оюндар тууралуу отчёт алуунун зарылчылыгы деле жок деген ойдо.