2015-жылдын алгачкы 15 күнүндө тамак-ашка ууланып 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскулов билдирди.
"Жыл башынан бери өлкө аймагында тамак-аштан ууланып 1 адам каза болду. Ал айым Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну болчу. Алдын ала маалыматтарга ылайык, айым консервациядагы ботулизм таякчасынан ууланган",- дейт Ш.Рыскулов.
Белгилүү болгондой, ботулизм таякчасы жер кыртышында, көлмөлөрдөгү сууларда, жаныбарлардын жана балыктардын тамак сиңирүү органдарында болот. Ал жагымсыз шарттарда, кайнатууда, тоңдурууда жана кургатууда да өлбөй турган таякча. Аталган таякча тамактын өңүн да, даамын да бузбайт.