Филармонияда “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аталышындагы долбоордун жабылуу аземи өттү

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аталышындагы долбоордун жабылуу аземи өтүүдө. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Сауд Арабия, Катар, Ооганстан, Иран мамлекеттеринин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, илим, билим жана маданият боюнча "Ислам" эл аралык уюму - ИСЕСКОнун өкүлү Алибаба Бабаев, Казакстандын өкүлү Рузанна Бектурсынова катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө А.Максүтов долбоордун негизинде өкмөт тараптан иш план бекитилип, сынактар, көргөзмөлөр, кинофестивалдар өткөрүлгөнүн белгилеп өттү. Ошондой эле “Ислам маданияты” эл аралык долбоорун өткөрүү боюнча эстафетасынын “Алтын ачкычын” символ катары Казак Республикасынын өкүлүнө тапшырды. 

Иш-чаранын алкагында ИСЕСКО тарабынан өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрү доцент, физика-математика илимдеринин кандидаты Талант Кожошов жана студент Алина Улановага сертификаттар ыйгарылып,

Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти менен коштолду. 

Долбоордун башкы максаты - улуттук маданий мурастарды сактоо, кийинки муунга өткөрүп берүү, маданият потенциалын бириктирүү, ислам дүйнөсүндөгү маданий, илимий карым-катнашты жайылтуу, инвестициялык көмөк көрсөтүү боюнча алгылыктуу иш-аракеттерди аткаруу, туристтик потенциалды өнүктүрүү жана маданият чөйрөсүндөгү карым-катнашты бекемдөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ak-buura
2015-01-16 03:05:37
Мини юбка кийип келгендер динди билбегендерби же кандай?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан