Бишкектеги ооруканалардын биринин кызматкерлери пара алып, аны бөлүшүп жаткан жеринен кармалышты

Бишкектеги ооруканалардын биринде директордун орун басары жана хирург пара алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Бишкектеги ооруканалардын биринин кызматкерлери 8000 сом акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, оорукананын жетекчисинин орун басары, 49 жаштагы Ш.И. жана 51 жаштагы хирург Д.Н. пара алып, аны бөлүшүп жаткан жеринен кармалышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meli12
2015-01-16 00:52:26
кайсы орукана болду экен? мындай кылмыш кылгандарды жашырып Ш.И деп жазбай аты чыгып уятка калыш учун толук аты жонун,суроту менен салыш керек. Башкалар тарбия алышсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан