Жогорку Кеңеш 15-январдагы жыйынында парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерлерди шайлап жатат. Төрагалыкка
Эркин Сакебаевдин талапкерлиги сунушталып, добуш берүү жашыруун тартипте өтүүдө.
Сакебаев буга чейин Эл аралык иштер боюнча комитетинен чыгарылып, Социалдык саясат комитетине кошулган. Каттоодон өткөн 71 эл өкүлүнүн 58и "макул", 13ү "каршы" деп добуш беришти. Айта кетсек, Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр болгонго чейин аталган комитеттин төрайымы болуп иштеген.