Бүгүн, 15-январда Жогорку Сотко караштуу Судьяларды окутуу борборунда Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун судьялыгына тиешелүү документтерин 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын биринчи күнү өттү.
Бүгүн түшкө чейин 18 талапкер катышып, анын ичинен 8 талапкер чектик упайдан жогору упай алышып (бардыгы 100 суроо бар, анын чектик упайы – 75инен кем эмес суроого жооп берүү зарыл. 1 суроо 1 упайды түзөт), сынактан өтүштү. Калган 10 талапкер өтпөй калды. Жалпысынан бүгүн 50 талапкердин квалификациялык сынактан өтүшү пландалган, түшкө чейин 25 киши, түштөн кийин 25.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, тестирлөө 15-январдан 20-январга чейин өткөрүлөт. Бардыгы болуп 221 талапкер документтерин тапшырышкан.