Лейлек районунун калкынын саны 2013-жылдын 5-январына карата 125 158 адамга жетти. Маалыматтарга ылайык, бир жыл ичинде калктын саны 2626 адамга же 2,0 пайызга өстү. Анын ичинде эркектердин саны 56 424 адам болсо, аялдардын саны 55 801 түздү. Райондун аймагында 51 айыл бар экенин Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов маалымдады.