Жумгал районунда бычактан жараат алып ооруканага түшкөн эки жарандын бири каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
"Мас абалдагы 22 жаштагы Ж.К. аттуу жаран чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 3 адамды бычактаган. Анын кесепетинен 24 жаштагы Н.У. окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми 12-январь күнү 33 жаштагы Б.О. аттуу айым каза болду. Учурда каза болгон Б.О. аттуу айымдын күйөөсү Т.Т. ооруканада дарыланууда",- деди Медина Султаналиева.
Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.