16-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -12°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -7°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -10°C