Президент өлкөнүн 2013-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитти

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 89 миллиард 281 миллион 912 400 сом суммасында, чыгашалар боюнча 92 миллиард 116 миллион 122 600 сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 2 миллиард 834 миллион 210 200 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан