Жылнаама, 16-январь: Мындан 41 жыл мурун англиялык фотомодель Кейт Мосс туулган

* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келген КПСС Борбордук комитетинин биринчи секретары Н.С.Хрущёв "Спартак" стадионунда эмгекчилер менен жолугушуу өткөргөн. Кышкы суукка кайыккан калк башкы коммунисттин майрамдык салтанаттан уламбы, айтор, тили күрмөөгө келбеген баяндамасына күбө болушкан. Республика жетекчилиги биринчи катчынын колунан Ленин орденин алган. Кыргыз ССРинин дыйкандарынын эмгеги жана республиканын айыл чарбадагы жетишкендиктери ошентип Ленин ордени менен бааланган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 30дай оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, алар салмагы 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салууну талап кылышкан.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы ырчы, куудул, тамада Эрнест Бөрүбаев Өзгөн районунун Жыл-Алды айылында төрөлгөн. Элге актёр жана режиссёр катары да таанылган. "Сүйүү жашка карабайт", "Жаштарга", "Сиз жөнүндө" деген ырларды аткарып келет.
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы англиялык фотомодель Кейт Мосс Кройдон шаарында туулган. Атасы үй-бүлөсүн таштап кеткенде апасы Линда Мосс балдарын багуу үчүн кафеде тейлөөчү болуп иштеген. Линда акча чогултуп, балдары менен Багам аралдарында эс алып келүүгө жетишкен. Башка учакка отуруу үчүн Нью-Йорктун аэропортуна түшкөндө аларга Сара Дуглас аттуу айым жолугуп калган. Ал моделдерди издөө боюнча агенттиктин директору болгондуктан, Кейтти кастингден өтүүгө чакырган. Кастингден өткөн соң Кейт карьерасындагы алгачкы тепкичтерге кадам таштап, түнкү клубдарга бара баштайт. 1990-жылы "Кельвин Кляйн" бренди жарнамага тартылуу үчүн 4 миллион долларлык келишим сунуштайт. 90-жылдардын ортосунда моделдин бир күндүк айлык маянасы 10 миң долларга барабар болгон. Бирок жеке жашоосунда баары тайкы болгон. "Акчаң бар да, бакыт жок" дегендей, жылдыздын баңгизатын тартууга аралашканы да айтылып жүрөт.
16-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан