Жоомарт Оторбаев: "Эффективдүү башкаруу системи менен күчтүү жана адилеттүү өлкө курууну пландап жатабыз"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-январда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, тараптар мамлекеттик башкаруу системин реформалоо боюнча жол картасын талкуулашты. Өкмөттүн билдиришинче, жол картасында 66 иш-чара камтылган, мунун 28и кыска мөөнөттүү. 2014-жылы аткарылышы керек болгон бардык кыска мөөнөттүү иш-чаралар былтыр толук ишке ашырылганы айтылды. Бул иштер өзүнө мамлекеттик башкаруудагы реформа, мамлекеттик каржыны башкаруу, энергетика, тоо-кен тармагындагы коррупция менен күрөшүүнү камтыды.
"Биз эффективдүү башкаруу системи менен күчтүү жана адилеттүү өлкө курууну пландап жатабыз. Бул максат - өкмөттүн негизги милдеттеринин бири",- деди Оторбаев.
Өкмөт жетекчиси өкмөттүн 2014-жылкы иштерине токтолуу менен буларды атады: "Азыркы учурда ар бир министр, жетекчи, акимдин бардык жаранга түшүнүктүү болгон иш-аракеттеринин жекече пландары бар. Былтыр бул пландарды анализден өткөрүп бүттүк. Бул жылга да тийиштүү пландар түзүлгөн, ага ылайык, жетекчилерге 776 конкреттүү тапшырма берилди".  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан