Жоомарт Оторбаев Экономика министрлигинин 2014-жылкы ишине ыраазы

Аймактык экономиканын темпинин кескин начарлашы жана дүйнөдөгү татаал геосаясаттык кырдаал макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизди. Муну бүгүн, 15-январда экономика министри Темир Сариев менен жолугушууда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди.
Премьер 2014-жыл өлкө экономикасы үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстандын соода өнөктөштөрү үчүн оор болгонун кошумчалады. Экономика министрлигинин 2015-жылдагы негизги милдети 2014-жылы башталган реформаларды улантуу экенин айтып, министрликтин былтыркы ишине ыраазы экенин белгиледи. "Экономика министрлиги мыйзам долбоорлорун демилгелөө жагынан маанилүү иштерди жасады. Өткөн жылы министрлик 246 укуктук-нормативдик актты иштеп чыккан, бул өткөн жылы даярдалган бардык укуктук-нормативдик актылардын 30 пайызын түзөт",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан