15-январь күнү
Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата улуу муун, орто муун жана кичүү муунду бириктирген республикалык адабий сынак болуп өттү. Анда 40ка жакын акындын ичинен жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
"Жолон калеминин мураскери" номинациясына акын Зайырбек Ажыматов, "Эң мыкты поэтикалык китеп" номинациясына акындар Мелис Маматжанов, Бердибек Жамгырчиев, "Жаңычыл поэтикалык үн" номинациясына акындар Максат Жангазиев, Акбар Кубанычбеков, "Канаттуу саптар" номинациясына акындар Назгүл Осмонова, Мирлан Алтымыш уулу, Гүлайым Калыбековалар татыктуу болушту. Бул тууралуу Мелис Маматжанов билдирди.