23-январда “коррупция” боюнча айыпталып жаткан эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши сотто каралат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда депутаттын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карайт.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.