Темир Сариев: "Кыргызстанда экономика өнүгүп кетиш үчүн "мыйзамдын диктатурасы" керек"

"Кыргызстанда экономика өнүгүп кетиш үчүн негизинен "мыйзамдын диктатурасы" жана туруктуулук керек",- деди бүгүн, 16-январда тегерек столдун жүрүшүндө экономика министри Темир Сариев.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, губернаторлор бул багытта ири жумуш аткарышы зарыл. "Эгер ар бир көчө өз кызыкчылыгын коргоп, өз тартибин орното берсе, өлкөнүн экономикасы өнүкпөйт. Ар бир жарандын инвесторго болгон мамилеси да жакшырышы керек. Жаңы ачылган ишкананы жаптыруу керек деп чыгуу инвесторлордун ишеничин кетирет",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан