Бүгүн, 6-февралда Орусиянын Кемерово шаарында өтүп жаткан бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандык спортчу Качкынбай Нурумбетов четтетилди. Маалым болгондой, ал украиналык спортчу Александр Бедевка менен беттешип, оюн 6:3 эсебине келгенде ага орунун берген. Айта кетсек, Кыргызстандын атынан барган Ильяс Адамов дагы ушундай эле жагдай менен оюндан четтетилгени маалымдалды.