Нарында муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө план 105,2 пайызга аткарылган

2014-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн планы 2 миллион 100 миң сом болсо, иш жүзүндө 2 миллион 208 967 сом алынган (план 105,2 пайызга аткарылган). Пландын 2013-жылга салыштырмалуу 618 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы тууралуу 15-январда Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жылдык отчётун угуу боюнча жыйында маалымдалды.

Аталган мекеменин Куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын жыл ичинде өткөн 10 отурумунда жер аянттарын ижарага берүү жана аукцион аркылуу сатуу боюнча 124 маселе каралып, 52 маселе канааттандырылган. Жыйында мэр Рахат Адиев жана шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев тарабынан театрдын капталындагы такси токтоочу жерге кирүү үчүн алынып жаткан акыларга хронометраж жүргүзүү, Городок аймагындагы мончо менен болгон келишимдеги ижара төлөмдөрү боюнча кайра карап чыгуу, борбордук базардын айланасын иретке келтирүү жагы тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан