ЖКнын штаттык санын кыскартуу жана түзүмүн оптималдаштыруу маселесин жабык эшик артында кароону парламенттин 6-февралдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев сунуштады. “Ансыз деле Жогорку Кеңештин дарегине ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Ошондуктан бул маселени жабык эшик артында карап, чечип алалы”,- деди эл өкүлү. Бул пикирге депутат Дастан Бекешев каршы чыгып, “Жогорку Кеңеш деген ачык орган. Биздин жашыра турган эмнебиз бар? Эгерде жабык эшик артында өткөрсөк, ошондо ар кандай сөздөр айтылат. Бул сунушту добушка коюунун кажети жок”, - деди.