Кыргызстан 14-январда 54,8 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 6,9 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 16-январда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 994 миң киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (557 миң киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8656 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.
Айта кетсек, быйылкы сезондо 1 суткада пайдаланылган электр энергиясынын суткалык көрсөткүчү 64,9 миллион киловатт-саатка чейин чыкты.