Кыргызстанда 4 миллион абонент SIM-карталарын каттоодон өткөрдү

Кыргызстанда 2014-жылдын аягына карата уюлдук байланыш компанияларынын 4 миллион 17 638 абоненти SIM-карталарын каттоодон өткөрдү. Муну бүгүн, 16-январда Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди. Агенттик акыркы айларда SIM-карталарын каттоодон өткөргөн жарандардын саны арбып жатканын белгилейт.
Эскерте кетсек, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамга ылайык, уюлдук байланыш операторлору менен абоненттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы эрежелери киргизилген. Буга байланыштуу өлкөдөгү бардык абоненттер 2015-жылдын март айына чейин өздөрүнүн операторлорунда номерлерин каттоодон өткөрүшү керек. Каттоодон өткөрүлбөгөн SIM-карталар аталган убакыттан кийин автоматтык түрдө иштен чыгарылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан