Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары 16-январда Франциянын "Шарли-Эбдо" журналына байланышкан терактты талкуулашты. Жыйында депутаттар бул окуяга француз журналисттери өздөрү күнөөлүү экенин айтышты. Депутат Турсунбай Бакир уулу мусулмандар "Шарли-Эбдо" басылмасына 2005-жылдан бери эскертүү берип келишкенине токтолду. "Негизи, мусулманчылыкта күнөөсү жок адамды өлтүрбөйт. Бирок француз басылмалары Мухаммед пайгамбардын карикатурасын 10 жылдан бери тартып, шылдыңдап келишет. Басылма сотко да берилген, бирок сот экинчи тараптын пайдасына чечип берген. Мусулмандар акыры чыдабай, туура эле кылышты",- деди Бакир уулу.
Бакир уулу аталган журнал пайгамбарды шылдыңдап бизнес кылып жатканы үчүн сотко берүү керектигин кошумчалады. "Чагымчылдык кылып ортодон бизнес жасап жатышат. Пайгамбарды шылдыңдап бизнес кылууну токтотпосо, сотко кайрылыш керек",- деди депутат.