Феликс Кулов экс-депутат Садыр Жапаровдун китебиндеги 3 тонна алтын тууралуу маалыматка ишенбей турганын айтты

"Садыр Жапаров "Кыргызстандан Түркияга 3 тонна алтын чыгарылып кеткен" деген маалыматты жазыптыр. Бирок бул чындыкка жатпайт",- деп билдирди депутат Феликс Кулов бүгүн, 16-январда "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында. 3 тонна алтынды 2010-жылкы революциядан кийин алып чыгып кетүү мүмкүн эместигин кошумчалады депутат.

"Мен толук эстей албайм, бирок бир нерсе даана эсимде. Садыр Жапаров 2011-жылы президенттик шайлоо учурунда мага кирип, "Алтындар чыгарылып кеткени жатыптыр, эмне кылабыз?" деп айтып калды. Мен "Качан алып кетет, ошол учурда байланышалы, мага жана башка фракция лидерлерине кабарлап кой" деп айткам. Андан кийин таптакыр жок болуп кетти. Жапаровго УКМКнын кызматкерлери кирип айтышыптыр. Мен бул нерсеге түшүнгөн жокмун, эмне үчүн УКМКнын кызматкерлери өздөрүнүн жетекчисине айтпай, алтындын уурдалышы тууралуу Жапаровго айтышат?"- дейт Кулов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан