"Айрым аймактарда мамлекеттик органдар биометрикалык маалыматтарды тапшырууда катардагы жарандарды зордоп жаткандары айтылганы менен, катталган фактылар жок". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
"Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча даярдык иштери былтыр май айында башталган. Өлкөнүн аймактарында аны топтоо иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында толугу менен аяктайт. Учурда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча бошогон жабдуулар борбор калаага жеткирилүүдө",- деди Т.Сарпашев.
Анын айтымында, учурда борбор калаада биометрикалык каттоодон өткөрүүчү 110 пункт толук кандуу иш алып барууда. Аймактардагы топтоо иштери аяктаганда Бишкек менен Чүй облусунда топтоо иштери башталмакчы.
"Ал эми өлкө боюнча биометрикалык маалыматтар топтолгон соң, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен бирге Орусиянын чоң шаарларына аттанабыз",- деди Т.Сарпашев.