Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча өкмөт башчынын катышуусундагы жыйындан кийин №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы баланын абалы боюнча маалымат берди.
"2 жаштагы баланын баш мээси жабык түрдөгү жаракат алган, анын баш мээси оор түрдө кокустаган. Анын бетинде жана бүт денесинде ар кандай жаңы жана эски сыйрылуулар да бар. Ошондой эле арткы тешиги айрылган. Ага "4-баскычтагы мээ комасы" деген аныктама берилди. Азыркы учурда баланын абалы оор бойдон калууда. Ал өпкөнү жасалма желдетүүчү атайын аппарат менен дем алып жатат",- деди Т.Батыралиев.
Ошондой эле министр: "И.Т. 2013-жылы 1-августта төрөлгөн. Анын атасы куруучу болуп иштейт, ал эми апасы тууралуу эч кандай маалымат жок",- деди.