КСДП фракциясында бир катар ратификациялык мыйзамдар колдоо тапты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 16-январда "Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзамдын долбоорун жактырды.

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын айтымында, акыркы кезде Кыргызстан Араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекети менен кызматташтык мамилелерди жандандырып жатат. "Катар Кыргызстанга экономикалык инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Азыр өкмөттөр аралык жумушчу комиссия иш алып барууда",- дейт Курманова.

Андан сырткары "Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргызстандын кошулуусу тууралуу" ратификациялык мыйзамдын долбоору да фракция мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан