Өткөн жылы өлкө аймагындагы дыйкандарга жана кайра иштетүүчү ишканаларга 5 миллиард 284 миллион 900 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда 2014-жыл жыйынтыгына арналган жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр берилген насыялардын ичинен өсүмдүктөргө 404 миллион 400 миң сом, малга 4 миллиард 110 миллион 100 миң сом, кайра иштетүүгө 734 миллион 600 миң сом акча каражаты берилген.
"Берилген насыялар малдын санын кескин көбөйткөнгө түрткү болду. Мисалы, ири мүйүздүү малдын саны 2013-жылга салыштырмалуу 1 миллион 367 миң болсо, бүгүнкү күндө анын саны 1 миллион 426 миңге жетти. Кой, эчки сыяктуу майда жандыктардын саны 5 миллион 423 миңден 5 миллион 717 миңге көбөйдү. Ал эми жылкынын саны 398 миңден 426 миңге жеткен",- деди Т.Сарпашев.