Ыргал Кадыралиева: "Кыргызстанда баары сатылып бүтүп, гимнде айтылгандай, аска-зоолор менен талаалар эле калды"

Бүгүн, 6-февралда парламент жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов ЖКга караштуу “Алтын-Көл” пансионатын сатуу сунушун билдирди. Бул сунушка бир катар депутаттар каршы чыгышты. Төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров пансионатты сатуу туура эмес экенин айтып, “бул эс алуучу жай Өмүрбек Абдрахмановдуку же Зулпукаровдуку эмес, Жогорку Кеңештики” деди. Анын мындай пикирин депутат Ыргал Кадыралиева да колдоого алып, “эгерде пансионатты сатууну СССР учурунда сунуштасаңыз, "мамлекеттин менчигин өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келген" деген берене менен камалып кетмексиз. Туура айтат, бул биздин менчик эмес, элдин, кийинки муундун менчиги. Мамлекеттик менчикти сатканга эч кимдин укугу жок. Ансыз деле мамлекеттин менчиктери сатылып бүтүп, гимнде айтылгандай, аска-зоолор менен эле талаалар эле калды” деди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан