Бек Борбиев Якутияда өткөн Эл аралык достук фестивалына катышты

Якутияда “Түрк шоу. Бүгүн бирге” аталышындагы регионалдык уникалдуу долбоор орун алып, ага Кыргызстандын, Казакстандын жана Якутиянын эстрада жылдыздары катышты. Музыкалык долбоордун уюштуруу идеясы дүйнөнүн виртуалдуу ооз комузчусу Юлияна Кривошапкинага таандык. Аталган фестивалга Юлиянын чакыруусу боюнча КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев катышып, өнөрүн тартуулап кайтты. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Концертте Бек Борбиев популярдуу ырларын аткарып, белгилүү якут музыканты Сиэн Тиитэп менен дуэт ырдады. Дуэтте Сиэн Тиитэп “дэгерен”, ал эми Бек Борбиев "Манас айтуу" стилинде обон созду. Залда отургандардын сүйүүсүнө, көңүлүнө арзыган ырчыны жана анын ар бир ырын кубанып тосуп алышты. Ал эми Казакстандан барган Кентал аттуу таланттуу, жаш эстрада ырчысы бийик диапазондуу үнү менен ыр сунуп, так секире бийлеп, саксофондо кол ойнотту. Мындан тышкары мода көргөзмөсү да тартууланды.

Жагымдуу үнү менен якут элине өнөрүн тартуулаган Бек Борбиев: “Мындай фестивалдар түрк тилдүү элдердин ынтымагын бекемдеп, достукка көпүрө болору анык. Концерт жогорку деңгээлде өткөрүлдү”,- деди. “Якутияга болгон сапарым жагымдуу таасир калтырды. Кыргыздын якут эли менен болгон боордоштугун жакындан баарлашып билип отурам. Алардын келбети, кулк-мүнөзү, тили биздикине абдан окшош экен. Ал жакта соода кылган мекендештерибизге бир туугандай мамиле кылып, ынтымакта жашашканын көрдүм. 3 күндүк сапарымда суук болгонуна карабай жаратылыштын кучагында эс алууга үлгүрдүк”,- деп кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
erikkarakulja
2015-01-16 18:42:01
Эми Якутия кызын суйдум болот экенда молодец,красова
0
Shpionka
2015-01-16 21:26:45
Мен эле мен дейт ушу байкебиз. Андан коро кичине болсо да бир нерсе ачып таланты мн элге жардам бербейби? Мунун эми кимге кереги бар уну бар деп койсо эле ырдап кайра кайра бекмин дей бергендин бектин заманы бутту да андан коро элге жакшы атын калтырсын . Бакиевге бапып келип алып элдин бетинен алып кайра элдик ырчысы деген сыйлыгымды алса алып салышсын деп элди коркутпай.
-1
Sayragul
2015-01-17 10:34:55
Shpionka, Таланты болсо барат да . Бекке атаандаш жок, азыр Бектей таланттуу жаштардан бир эле Гулжигит Сатыбеков бар. Жандуу ырдаса дагы ырдай алышат. Бекти коруп канча жаштар озу тарбияланып жатат. Кайрымдуулук жасаса жасап жаткандыр Бектин ар бир кадамы бизге белгисиз. Бектин адамдык сапатын, талантын, келбетин дегеле эркекке тиешелуу бардык касиет бар экендигин ким танат. Ошол учун биздин Бек болуп жакшы коробуз.
-1
lotte
2015-01-17 19:37:24
Shpionka, Уну бар деп койсо эле ырдап эмес, уну бар учун ырдап атат! Сага кереги жок болсо ичинди куйгузуп окубай эле кой! Анан да жакшы атын эчааак эле озунун Жараткан берген таланты аркылуу калтырып койгон!
0
Batyr80
2015-01-16 22:03:22
Shpionka .Сенин ойунча кандай кылып жардам берсин, ошону айтсан болмок барса барып келдида, же сен бармак белен .
+2
Shpionka
2015-01-16 22:07:52
Batyr80 мисалы, кайрымдуулук кылып жетимдерге майыптарга дегендей. А сен бектин озусунбу? Же болбоду дегенде эле ага жагалдангандардын бирисин э. Тушунуктуу
-1
saulet2009
2015-01-17 10:14:30
Концертине бара албадык жумуштан кол бошобой,кыргыздар менен бир туугандай болуп жашашат экен дегени туура эмес.Якуттар аябай улутчул келишет,кыргыздын эркектерин эле суйуп тийип тороп алышпаса,а так жаман корушот.
0
uulay
2015-01-18 15:49:15
Сынчынын сыгар отугу майрык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан