Аскердик кызматты өтөөгө чакырылгандардын арасында чиновниктердин уулдарынын саны өсүп баратканы айтылды

2014-жылдын октябрь-декабрь айларында мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө 3,5 миң адам чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын Башкы оперативдик-мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Руслан Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, мындай сандагы жоокерлер Куралдуу күчтөрүн толуктоого жетиштүү. "Аскерге күзгү чакыруу боюнча келгендердин арасында чиновниктердин уулдары көп. Алардын саны 80ге жакын. Мындан тышкары жогорку билимге ээ болгондордун саны да көп болууда. Булардын саны 400дүн тегерегинде. Ал эми альтернативдик кызматты өтөөгө 14 миң жаран чакырылган",- деди Абдырахманов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bujum32
2015-01-16 17:05:37
Жакшы жакшы салдаттардын тамак ашы онолот экенда
0
kursantbek
2015-01-16 18:36:03
bujum32, жоокерлердин тамагы Жакшы еле берет кудайга шугур)))
0
kg.sity93
2015-01-16 18:00:53
Азаматтар.эр жигит мекенди коргош керек.кобойсун.антпесе кобу эле альтернатива кылам барбайм деп мулжуйгандар да кобойду эле.
0
Ariet7
2015-01-17 05:16:44
мен эркекмин дегендер барат да армияга .чондун уулу кедейдин уулу болсо да.
0
Sayragul
2015-01-17 10:41:11
Кызык, чиновниктин баласы бала, башкалардын баласы ким анда. Баарына бирдей. Созсуз турдо барыш керек.
0
Rifle
2015-01-18 13:36:59
Sayragul, военный билет керек чон иштерге кирууго !
Чондун баласы чон болом деп барат да армияга !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан