Москвада 19-20-кылымдарга таандык кыргыздын зер буюмдары көргөзмөгө коюлду

Москвадагы “Царицино” корук-музейинде “Күмүштүү чыгыш” аталышындагы көргөзмө өтүүдө. 

Көргөзмөгө Орто Азиянын 19-кылымдагы жана 20-кылымдын биринчи жарымындагы улуттук зер буюмдары коюлду. Аталган музейден билдиргендей, 150 экспозицияны камтыган көргөзмөдөн кыргыз, тажик, түркмөн жана казак чеберлеринин эмгектерин көрүүгө болот.

Коллекция зер буюмдардын өзүнө таандык улуттук колориттеги баалуулугу, ар түрдүүлүгү, формалары, техникалык ыкмасы, декоративдүүлүгү жана көркөм өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат.

Маалым болгондой, кыргыз зергерлери жөнөкөй чиймелер менен илгерки буюмдарды жасашкан. Казактар буудай орнаменти түшүрүлгөн геометриялык мүнөздөгү буюмду иштеп чыгышса, өзбектер жана тажик чеберлери майда деталынын көптүгү жана бермет, түстүү айнек жана көгүлтүр түстөгү асыл таштардан жасалган иймектери менен айырмаланат. Түркмөндөрдүкү оордугу, алтын жалатылганы, даана көрүнгөн контурдук сүрөтү менен өзгөчөлөнөт.

Көргөзмө 2015-жылдын 12-апрелине чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitysha-91
2015-01-16 23:11:35
Урматтуу админ 2015-жылдан баштап кыргыз мигранттары кандай документ мн иштей алабыз жаны жылдан кийин патенттер 20 мин Жана айына 4000 толойбузбу ушул жонундо маалымат берип кое аласыздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан