"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлобоптурмун" дейт катуу сабалган баланын атасы Назар Түлибеков

"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлогон эмесмин",- деди бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "катуу сабалып, зордукталган" делген 2 жаштагы баланын атасы Назар Түлибеков.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарына комментарий жана маек берүүдөн баш тартып келген ата биздин окурмандарга өзүнүн оюн билдирди: 

"Уулума байланыштуу окуя азыр өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында талкууланып жатат. Мен өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Уулумдун мындай абалга жеткенине бир гана адам күнөөлүү, ал менмин. Өзүм курулушта иштейм, баламды жалгыз карай албай, тууганыма жардам сурап кайрылгам. Алар каршы болушкан жок, өткөн жылдын ноябрь айынан бери колунан келишинче каралашып келишти. Башында уулума күнүгө келип турчумун, кийин келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам “Көп келбей эле койчу, баланын жүрөгүн оорутпай. Андан көрө телефон менен байланышып тур, балаң куса болуп ооруп калып жатат” деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны 1,5 ай мурун көргөм. Анан телефон аркылуу ал-абалын билип турчумун". 

Анын айтымында, 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агасы телефон чалган. Ал "тезинен кел, уулуң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деп айткан. 

"Мен жаман оюм жок эле, сасык тумоо болуп, денеси ысып жаткан го деп ойлоптурмун. Үйгө киргенимде эле уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм түшүп калды. Анын бетинин баары тытылып, канжалап туруптур. Кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштыра баштасам, аны тепкичтен кулап кеткен дешти. Мен өзүмдү жоготуп койдум, себеби андайды көрөм деп күткөн эмесмин. Шашкалактап уулумду кийинткиче анын денесиндеги жарааттарды көрүп, жинди болуп кете жаздадым. Кийинтип жатып башын караганымда ал башы менен урулганын байкадым. Анын абалы аябай эле оор болчу. Уулумду унаа менен ооруканага алып келдик, ал тиешелүү медициналык кароодон кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды",- дейт Н.Түлибеков.

Анын айтымына караганда, бала ооруканага түшөрү менен милиция кызматкерлери да келишкен. Түнү менен Н.Түлибеков жана анын агасы, аялы суракта болушкан.

"Мен суракта отурганымда жаныбыздагы бөлмөдө жеңем да суракка алынды. Мен отурган бөлмөгө жеңемдин айткандарынын баары угулуп жатты. Ал "Бала ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп заңын чыгарчумун. Ага клизма да жасачумун. Кээде тарбиялык максатта уруп, урушуп койчубуз" деди. Бул жерде неге баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн айтпаганына түшүнбөй жатам. Зээнди кейиткени, мени суракка алганда мага "балаң эси ооп жолдо келатканда зордуктадың" деп акылга сыйбаган нерселерди моюнга илейин дешти. Менин балам өлүм менен жашоонун ортосунда турса, мага ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМС жиберип жатышты. Бул жерде эптеп кылмыштын бетин ачып, жаап коюу эмес, чындыкты сыртка чыгаруу зарыл",- дейт жабырланган наристенин атасы.     

"Баланын өз энеси кайсы жакта? Бул кылмышка шектелип жаткан агаңыз менен жеңеңиз чындыгында эле ушундай кылмышка бара алышат беле?" деген суроого төмөнкүдөй жооп алдым: 

"Уулумду 2 айлык кезинен бери өзүм карап келгем. Аны өз энеси 2 айлык кезинде мага берген. Башка маалымат булактары буга чейин жазгандай, ал Орусияда эмес, Кыргызстанда эле. Анын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Убагында бири-бирибизди жакшы билбей баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Эки ажырым жолго түшкөнүбүздө анын 3 айлык боюнда бар экенин билдик. Көз жарып, ал уулумду карап жүргөндө ага акчалай колдоо көрсөтүп, баланын атасы катары өз милдетимди аткарып жаттым. Уулум төрөлгөндө ал аны 2 ай эмизип, карап берди. Кийин экинчи жубайым каралашып жүрдү, тагдыр экен, мында да жолум болгон жок. Жалгыз бой ата болуп калганымда, ноябрь айларында уулумду агам каралашканга алган. Агам менен жеңем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. "Кантип?" деген суроо жанымды койбойт... Иликтөө иштери аягына чыга элек, дагы көрө жатарбыз. Учурда мен үчүн эң маанилүүсү - уулумдун сакайып кетиши, менин жалгыз байлыгым да, бакытым да ошол. Мен эми аны эч кимге бербейм, мындан ары мен аны күттүрбөйм дагы... Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, кезектешип анын жанында болуп жатабыз".

Жакынкы убакыт аралыгында бул окуяга чекит коюлары анык. Ал эми ооруканада жаткан баланын эртерээк сакайып, бактылуу балалык күндөрүн башынан өткөрсүн дейбиз.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Samina007
2015-01-17 07:32:20
Биз семьябыз менен жакынкы аралыкта Кыргызстанга кетебиз,кудай буйруса кичинекей Ибрагимди больницага барып оз козум менен коруп,кучагыма кысыып озумдун мееримимди берем
+2
Alina1984
2015-01-17 08:41:00
Балага меерим да жетишпей жатат да ,керек болсо балан ооруп калса меериминди токсон кандай ойноп конулу ачылып калат,бул наристеге да ене меерими жетишпей жатат енеси жанында болсо жакшы болмок
+1
Alina1984
2015-01-17 08:44:31
Озунун беш кызы болсо еркек баланы кудай деп еле багып алышса болмок каргыш тийген акмактар ,оз балдары буюрбай калсын,шал тийсин жанагы катынга, урганы кордогону корунуп еле турат кебетесинде,тепкичтен кклап кетти деп коет. кулай турган тепкичи да жок го,еки дуйнодо жакшылык корбосун
+2
danyshman
2015-01-17 08:45:22
Ибрагимдин куса болуп ээрчигенин ойлоп журогум тилинип кетип жатат.Байкуш бала эмне кыла алмак,атасы кетсе уруп токмоктосо,ортодо же арачылап ажыратар адамы жок болсо.Курсагын да жакшы тойгозбосо керек.Ошол аялды кордум телевизордон,онуно караганда урушмак турсун ХХХ ХХХ бар экен.Ибрагимди клизма кылдым дейт,абайлап кылбай кылса да очошуп жини менен ары бери кылып жасаса керек да клизманы.Клизманы эми ошол ХХХ ХХХ.
+2
admin_superstan
2015-01-19 13:19:52
danyshman, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, провокацияга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
Saribulak
2015-01-17 09:01:01
Ментерди карасанар машинада зордуктагансын деп келесоолорго .
+1
tynara1983
2015-01-17 10:12:08
Бироого кор, бироого зар дуйно дейт канчалаган адамдар Ибрагимдей балага зар болуп журот . Уйалбай женеси клизма кылчумун дептир клизма менен зордукталгандын айырмасын оздоштуро албагыдай 20ма жылдап иштеген врачтар ХХХ беле? Айдай баланы айып кылгандыгы учун Агасы менен Женеси дегенде 25 жылга кесилсин!!!
0
admin_superstan
2015-01-19 13:29:07
tynara1983, этика нормаларын сактаңыз!
0
danyshman
2015-01-17 10:35:18
Ошол келинди мага берсе клизма кандай экенин уйротмокмун.
0
Lili
2015-01-17 10:57:05
Журоктун туп тамырына жеткен окуя болуптур, эки айлык баланы таштаган энеге мин наалат, аманатка ташталган баланы жакшы карабаган женесине мин наалат, атасына зордуктадын деп ишти тонкоргон милиция кызматкерлерине мин наалат!!! Супер инфо Ибрагимдин атасынын номерин жазып койбойсуздарбы, мумкун жардам берем дегендер чыгар, озум деле жардам бергим бар, коп болбосо да чын журоктон.
+1
Deniza88
2015-01-17 10:59:05
Баланы жарык дуйного алып келгенден кийин жоопкерчиликти билиш керек, заманга шылтоолоп кереги жок, айбан да баласын минтип тыштабайт. Адамдар негизи айбандан да жаманбыз...
+1
tursunmurat1991www
2015-01-17 12:09:30
Ибрагим тезирээк сакайып кетуусу Алла Таалабыздан баарылашып сураналы.
+1
Arlenchik
2015-01-17 18:15:30
Байкуш бала эртерээек айыгып кетсин,кандай болгон кундо коргозгон кордугунун азабын тартсын адам сымал айбандар
+1
Kalin466
2015-01-17 20:00:00
Мен баары бир ийиген жокмун атасынын создоруно. Биринчи озу куноолуу ,аялы менен кошуп. Кайта кайта аял алып кетирген немеби деген да ой кетти. Озунун 10бир тууганы бар экен,ошолор караса болбойт беле баланы. Аталаш бир тууганына караганда алар жакынырак го. Эми бала мындай абалга келип калганда жанталашып пайда болуп калышкандай. Бир гана кичинекей наристенин жакшы болушун тилеим. Калгандары ар ким озу учун жооп берер кун да келсе керек.
+3
uulay
2015-01-18 09:55:44
Акыркы кундору ушул нарисенин абалын билгени эле сайтка кирип калдым. Озуно келди деп качан жазат деп.
+1
Eliza761024
2015-01-18 18:32:13
Бул жерде атасында да чоон куноо бар.Ушундай акмакчылыка барган агасынын баш терисинен байкаса болмок!Куса болот келбе деди деп...Ушундай жетишкен заманда ушунчалык денгээлдеги карангы адамдардын болушу зээнди кейитет...бул жерде кичинекей Ибрагимденбашкасын эч кандай актоо тазалоонун кереги жок.Манкурттор оз жазасын алаарына ишенем.
0
sovet88
2015-01-18 22:47:16
ибрагимдин атасында куноо. Экинчи аялы мн да жашай албаптыр.эгер экинчи аялына жакшы мамиле жасаганда ибрагимди карамак атасынын конулу учун. Бул жерде атасында кунонун баары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан