"Жаран жалпы жарандык паспортундагы аты-жөнүнүн латын тамгалары менен жазылышын өзү текшерүү укугуна ээ. Эгер ал паспорт берүүчү мекеме тарабынан сунушталган жазууга макул болбосо, өз арызында аты-жөнүн транслитерациянын эрежелиринен айырмаланган латын тамгалары менен жазууга укуктуу",- деди бүгүн, 16-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү депутат Дастан Бекешевдин арызына жооп кайтарып жатып.
"Аты-жөнүнүн транслитерациясынын кемчилиги боюнча жарандар тарабынан түшкөн даттануулардын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкүнү кошумчалайт:
Ар бир жаран жалпы жарандык паспортко керектүү анкетаны толтуруп жатканда, Паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкеринен транслитерациянын эрежелери боюнча маалымдама алууга толук акысы бар. Кызматкер, КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген инструкцияга ылайык, бул маселе менен тааныштырууга милдеттүү",- деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин жарандар депутат Д.Бекешевге "Жумагулов" латын тамгалары менен жазганда "Dzhumagulov", ал эми "Хамид" түшүнүктүү "Hamid" эмес, "Khamid" болушу керек экен" деп арызданышкан.