7-февралда Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында “Алтайдан баштап Балканга чейинки түрк дүйнөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болот. Иш-чара Сараевонун 31-Кышкы фестивалынын алкагында өткөрүлөт.
Фестивалга Кыргызстандын атынан ырчылар Салима Балтаева жана Кубат Тукешов катышат. SUPER.KG порталына Салима айым билдиргендей, иш-чарада ырчылар комузда, ооз комузда кол ойнотуп, кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары менен тааныштырышат.
Ал эми көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрү Жаныбек Бердикеев, Халида Шимова жана Адылбек Байтерековдун эмгектери көрсөтүлөт.