* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн
5-кабатынан секирип кеткен. Ырчынын сөөгү өзү төрөлүп-өскөн Алматы
шаарында 22-январь күнү жерге коюлган.
Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы
шаарында төрөлгөн. Улуту уйгур ырчынын атасы учурунда такси айдап
үй-бүлөсүн баккан, апасы фабрикада жумушчу болуп иштеген. Мурат беш бир
туугандын кичүүсү болгондуктан, абдан эрке өскөн. Ырчы кичинесинде
көпчүлүктөн алыс болгонду жакшы көрчү. Ошондон улам үйүндөгүлөр Муратты
ырчы болот деп ойлошкон эмес. Анын музыкага болгон кызыгуусу жети
жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын
обондорун ойной баштайт. Ошондо эле анын музыкалык шыгы байкалган. Үй-бүлөнүн көңүл борборунда өскөн болочок ырчы Москвага келгенде бир топ
кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Адегенде ал өзү менен аскерде кызмат
өтөгөн досунукунда жашайт. Экөө “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп,
алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Музыкалык билим керектигин
ойлоп, Мурат музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап
кылган Мурат “Ялта-91” сынагына катышып, баш байгени утуп алат. Ошондон
кийин Мураттын чыгармачылыкка жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио”
тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон
жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын
чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен
популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан.
Мурат Насыров чыгармачылык жашоосунда өз эне тилинде, тагыраак айтканда,
уйгур тилинде альбом чыгарууга да жетишкен.

* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы ырчы
Жийдеш Идирисова Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу
тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык
тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "
Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.
* Мындан 366 жыл мурун, 1649-жылы Канадада 16 жашар кыз уурулук үчүн айыпталып, өлкөдө биринчи жолу өлүм өкүмү чыгарылган.