* Мындан 29 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1986-жылы "Салам, Нью-Йорк!" фильмине тартылгандан кийин атагы чыккан таланттуу актёр Бектемир Мамаюсупов төрөлгөн. Ал Бишкектеги №66-мектепте 7-класска чейин окуп, андан соң түрк лицейине тапшырган. Окууну бүткөндөн кийин Политехникалык университетте 3-курска чейин билим алып, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрдук шыгы ойгоно баштаган. Анткени ал жакта чет элдик фильмдер көп тартылат эмеспи. Досу экөө акча табуу үчүн массовкаларда ойноп башташат. Жаш талант 2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Ал жакта жүрүп "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы кечки саат 17:00 чамасында Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маркум шаардын "смотрящийи" жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышкан. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди кылмышкерлер үйүнө келе жаткан учурда атышкан.